Биз менен байланышыңыз

Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болду

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 148 | 0

Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматын 2019-жылдын январь айынан 2022-жылы октябрына чейин Асеин Исаев аркалап келген.

Аскар Бешимов 2005-2008-жылдары тышкы иштер министринин орун басары болгон, 2011-2012-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, 2012-2016-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 2016-2017-жылдары Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болгон.

Аскар Бешимов президенттик аппараттын саясий-экономикалык реформалар бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүн жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM