Биз менен байланышыңыз

British American Tobacco Орусиядан чыгарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 220 | 0

Тамеки чыгарган британиялык эң ири British American Tobacco компаниясы Украинадагы жаңжалдан улам Орусиядан чыга турганын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

«Азыркыдай шартта компаниянын Орусиядагы бизнесине ээ болуусу туруктуу эмес деген тыянакка келдик. Бүгүн биз орусиялык бизнесибизди эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарга толук ылайык өткөрүп берүү процессин баштадык. 2500 кызматкердин эмгек акысын төлөөнү улантуудан тышкары, алардын келечектеги иш менен камсыз болушу үчүн колдон келгенди жасайбыз. Процесс аяктагандан кийин British American Tobacco Орусиядан чыгат» , -деп айтылат маалыматта.

British American Tobacco компаниясы ушул жуманын башында Орусияга пландаштырылган инвестицияларды токтоторун жарыялаган.

Компания Орусиядагы өндүрүшүн 1994-жылы баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM