Эртең, 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +1…+6,
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5,
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз +2…+4 градус болот.