Биз менен байланышыңыз

Түркия: Жабыркаган аймактарда мародерчулук боюнча 200дөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 333 | 0

Түркиянын жер тититирөөдөн жабыркаган аймактарында талап-тоноо фактылары, полиция менен кылмышкерлердин ортосунда атышуулар орун алды. Коопсуздук коркунучунан улам Австрия менен Германиядан келген куткаруу топтору өз иштерин убактылуу токтотушканын BBC маалымат агентттиги жазды.

«Кээ бир жерлерде куткаруучулардын өздөрүнө коркунуч жаралган. Эки немис уюму — Германиянын Эл аралык издөө жана куткаруу кызматы (ISAR) жана Германиянын техникалык жардам боюнча федералдык агенттиги (THW), андан кийин дагы бир нече уюм Түркиянын түштүгүндөгү куткаруу иштерин убактылуу токтотту» , — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымына ылайык, жапа чеккен аймактарга 70 миң полиция кызматкери, 60 миң жандарм, 1 миң жээк коопсуздук кызматкерлери тартылган. Жабыркаган аймактарда 230 адам кармалган.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны ишмердүүлүгүн 2023-жылдын 21-февралына чейин токтотту.

Куткаруу иштери жүрүп жаткан аймактарда талап-тоноочулук фактылары болгонун өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган моюнга алып, бийлик чара көрөрүнө ишендирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM