2023-жылы Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 6 ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматтарында айтылат.
Алар:
— Төө-Ашуу ашуусунда альтернативдик тоннелди куруу — 234 млн АКШ доллары;
— түндүк айланма жолду реконструкциялоого — 210 млн доллар;
— Пилоттук күн электр станциясын куруу — 100 млн доллар;
— Өзгөн шаарындагы айланма жолдун курулушуна – 12 млн доллар;
— Кара-Суу дарыясына Каракөл кичи ГЭСинин курулушуна — 25 млн доллар;
— Улуттук хирургия борборун модернизациялоого – 10 млн доллар сарпталат.
Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.