Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 28 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 319 | 0

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 28 миңден ашты. Бул тууралуу ББС маалымат агенттиги жазды.

Түркиянын вице-премьер-министри Фуат Октай журналисттерге каза болгондордун саны 24 617ге жеткенин билдирди. Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Сирияда ушул кезге чейин 3553 адамдын сөөгү табылган. Бул эки өлкөдө тең мүрт кеткендердин жалпы санын 28,100дөн ашты. Тирүү калгандарды издөө иштери уланууда.

11-февраль күнү кечинде Түркиянын Газиантеп провинциясында жер титирөөдөн беш күн өткөндөн кийин урандылардын алдынан беш кишиден турган үй-бүлө чыгарылды: ата-энеси, эки кызы жана бир уулу. Үй-бүлө эпицентрге жакын аймактагы талкаланган үйүндө аман калган.

Хатай провинциясында жер титирөөдөн дээрлик 132 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан жети жашар кыз куткарылган.

Куткаруу иштери жүрүп жаткан аймактарда талап-тоноочулук болгону маалыматтарда айтылган. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү жер титирөө болгон аймакта талап-тоноочулук фактылары болгонун моюнга алып, бийлик чара көрөрүнө ишендирген.

ББС маалымат агенттиги жазгандай, Германия менен Австралиядан барган куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM