Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы кырсыкта кыргыз жараны каза болгону тастыкталды

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 524 | 0

6-февралда Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Кыргызстандын Б.М. аттуу жараны каза болгондугу тууралуу маалымат, бүгүн тастыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Элчинин айтымында маркумдун өздүгү жакындары тарабынан такталды.

“Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларын жоюу иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту.

Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү менен жүк-200 жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт”, — деп билдирген Казакбаев.

Буга чейин Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келиндин каза болгону айтылып, бирок элчилик расмий маалымат бере элек болчу.

Copyright © 2017 Maral FM