Connect with us

Түркияга жардам: Мамкызматкерлердин маяна которуусу уланууда (тизме)

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 256 | 0

Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары маяна которуусу уланууда.

Учурда төмөндөгү мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которуп беришти:

  • Президенттин администрациясы
  • Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк эмгек акысын которушту)
  • Финансы министрлиги
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги
  • Тышкы иштер министрлиги
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги
  • Коргоо министрлиги
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
  • Энергетика министрлиги
  • Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
  • Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү
  • Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү
  • Бишкек шаардык мэриясынын аппараты
  • Бишкек шаарындагы акимчиликтер
  • Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы
  • Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
  • Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги

Акыркы маалыматтарда Түркиядагы зилзаладан каза тапкандардын саны 20 миңден ашканы, 80 миңден ашуун адам жабыркаганы айтылды.

Белгилей кетсек, Түркиядагы табият кырсыгынан жапа чеккендерге жардам берүүнү каалагандар үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

«Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам».

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM