Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын дарыгерлери Түркияга жардамга барышат

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 261 | 0

Кыргызстандын тажрыйбалуу дарыгерлери Түркиядагы зилзаладан жабыркаган аймактарга жардам берүү үчүн барышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик үчүнчү деңгээлдеги дарылоо мекемелеринен жогорку квалификациялуу нейрохирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, кан тамыр хирургу, жалпы профилдик хирург дарыгерлерди топтогон. Алар Кыргызстандын куткаруучулары кызмат өтөп жаткан аймактардагы мобилдик госпиталга көмөк көрсөтүшөт.

Дарыгерлерди керектүү каражат менен камсыздоо милдетин Кыргызстан тарап алып, өздөрү менен кошо медициналык жардам да ала кетишет. Ошондой эле медицина кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бир күндүк эмгек акысын которо турган болушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM