Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда төрт эм төрөлдү

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 507 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө 4 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Төрөт кесарево жолу менен болгон. 29 жаштагы келин бир уул жана 3 кыз төрөдү: биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 2494 грамм, бою 48 см, экинчи төрөлгөн кыздын салмагы 2048 грамм, бою 46 см, үчүнчү төрөлгөн кыздын салмагы 2218 грамм, 46 см, төртүнчү төрөлгөн уулдун салмагы 2432 грамм, бою 48 см.

Дарыгерлердин айтымында, эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM