Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Бишкектеги ыш маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 176 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү.

Төрөбаев ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калып жатканын, ыштын алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.

«Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн жол картанын негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын так маалымат берүүңүздөр керек», — деди Бакыт Төрөбаев.

Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоо себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек.

Мындан тышкары ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү, курулуш объектилеринин иретсиз курулуш жана бак-дарактын азайышы болууда.

Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында тиешелүү булактардан каражат тартуу күтүүлүүдө.

«Көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жумушчу тобун түзүү менен активдүү иштер жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйындар өткөрүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM