Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 237 | 0

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда крим чөйрөсүндө «Женго» деген кайманы ат менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Ал Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM