Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык зонасында жана Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,
Бишкекте түнкүсүн бираз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус болот.