Connect with us

Ички иштер министрлиги Түркияга 3 тонна гумжардам жөнөттү

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 225 | 0

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 3 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Анда жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар экенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Ал апаатта курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады.

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө 6-7-февралда болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын жалпы саны 20 миңден ашты. ВВСнин маалыматына караганда, миңдеген имарат урап, он миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайсыз калды. Куткаруу иштери уланууда, бирок урандылардын астынан аман калгандарды табууга үмүт азайып баратат.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө каза болгондордун саны 17 миң 134, Сирияда кеминде 3 миң 162 кишиге жеткенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM