Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 324 | 0

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө 6-7-февралда болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын жалпы саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка караганда, миңдеген имарат урап, он миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайсыз калды. Куткаруу иштери уланууда, бирок урандылардын астынан аман калгандарды табууга үмүт азайып баратат.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө каза болгондордун саны 17 миң 134, Сирияда кеминде 3 миң 162 кишиге жеткенин билдирди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглунун айтымына ылайык, 95 мамлекеттен жана 16 эл аралык уюмдан жардам сунуштары түшкөн. 9-февралга карата дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да 6 479 киши куткаруу иштерин жүргүзүдөө.

Түркиянын Юстиция министри жер титирөө болгон аймакта үйлөрдү курууга катышкан бардык жеке адамдарга жана компанияларга каршы иш башталганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM