Connect with us

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн чыгарды

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 189 | 0

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер силкинүүдөн кыйраган үйлөрдүн алдынан 28 жарандын сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кахраманмараш шаарына Кыргызстан 67 куткаруучу жөнөткөн.

Мындан тышкары биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган бир чатыр жөнөтүлөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана эки үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миң 674 адамга, жабыркагандардын саны 72 миң 879 адамды түзгөндүгү кабарланууда. Сириядагы жер титирөөнүн курмандыктары 3 миңден ашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM