Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүүнү пландоодо

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 157 | 0

Кыргызстан Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына дагы 100 куткаруучу жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жөнөтүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Түркиянын Кахраманмараш шаарына ӨКМдин 67 кызматкери жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 800 адам, жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM