Биз менен байланышыңыз

Макрон Зеленскийге Франциянын эң жогорку сыйлыгын тапшырды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 245 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Парижге жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болгон Ардактуу Легион ордени менен сыйлады. Бул тууралуу француз президенти өзүнүн Твиттер баракчасында билдирди.

«Украинага жана анын элине болгон урмат. Урматтуу Владимир, кайраттуулугуңуз жана чечкиндүүлүгүңүз үчүн сизге таазим», — деп жазган Франция башчысы.

Белгилей кетсек, 8-февралда Зеленский Улуу Британияга барып, премьер-министр Риши Сунак менен жолугуп, өкмөт менен сүйлөштү. Ошол эле күнү кечинде ал Францияга барып, президент Макрон менен жолугушкан.

Бүгүн, 9-февралда Зеленский Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинде сөз сүйлөйт. Буга чейин Макрон Украинадагы абалды жөнгө салуу үчүн тынчтык конференциясын өткөрүү зарылдыгын билдирген. Француз лидеринин айтымында, бул адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM