Connect with us

Түркиядан Астанага эвакуацияланган кыргызстандыктар мекенине жөнөтүлдү

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 287 | 0

Бүгүн, 9-февралда Түркиядагы жер титирөө болгон аймактан 22 кыргызстандык Астанага эвакуацияланганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын жарандарын Казакстандын атайын коллегиясы алып чыккан. Астанада аларды элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты. Аэропортто ысык тамак уюштурулду.

Учурда аларды Кыргызстанга унаа транспорту менен жөнөтүү маселеси иштелип чыкты. Ошол эле учурда ымыркайлуу жаран үчүн Бишкекке аба каттамы уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM