Connect with us

Депутат Мажитова президенттин алдында аялдар комитетин түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 277 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук жогорулаганына байланыштуу, абалды жөнгө салуу керектигин айтууда. Анын маалыматына ылайык, гендердик теңсиздиктин индекси боюнча Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 82-орунда турат.

Керектүү мыйзамдар кабыл алынганына карабастан, тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан аялдардын, балдардын коопсуздугун алдын-алуу иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй келет.

«Андан тышкары, мамлекеттик деңгээлде идеологиялык системдүү иш-аракеттин жоктугунан аялдарды жана балдарды радикалдуу диний топторго тартуу коркунучу өсүүдө. Андыктан гендердик теңчиликке жетишүү боюнча саясатты жана механизмдерди актуалдаштыруу учур талабы. Аялдар бийликте чечим кабыл алуудан четтетилген. Аялдар менен эркектердин ортосундагы дисбаланс бардык күч структураларында байкалат» , — деди депутат Мажитова.

Ал кесиптештерин жана президентти жогорудагы сунуштарды колдоп берүүгө чакырды.

2021-жылы 57 аял төрөт учурунда каза болсо, 2022-жылы 67 аял каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM