Connect with us

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миңден ашты

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 270 | 0

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адамга жетти. Бул тууралуу түркиялык «Анадолу» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түздү.

Өлкөдө кыйраган имараттардын саны 6 миң 444 деп саналууда. Учуруда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 аймакта үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус аймактары жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM