Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк маянасын Түркияга которот

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 248 | 0

Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Түркиядагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү максатында кесиптештерине эки күндүк маянасын которуу сунушун берди.

Демилгени жалпы депутаттар колдоп, каражат которуу чечими кабыл алынды.

6-февраль күнү таңга маал Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында катуу жер титирөө катталып, көптөгөн адам урандылар астында калды. Аларды куткаруу ишине кыргызстандык куткаруучулар да тартылган.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 12 миңден ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM