Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт

Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 133 | 0

Кыргызстанда 3 миңден ашык баланы камтыган мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борборлор 3-5 жаш курактагы балдарга каралган. Бул кыска мөөнөттүү бала бакчаларда балдар үч саат билим алышат.

Билим берүү министрлигине жергиликтүү бийлик органдарынан мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча 105 өтүнмө келип түшкөн. Атайын комиссия 60 объектти тандоону аяктады.

Тендердик документтерди даярдоо жүргүзүлүүдө. Жакында оңдоо-курулуш иштерине тендер жарыяланат. Ошондой эле ар бир борборго эмерек, килем, оюн жана өнүгүү үчүн материалдар берилип, балдар аянтчалары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт.

Алар:

Баткен облусу – 4

Баткен району – 2

Лейлек району – 2

Ош облусу – 12

Кара-Кулжа району – 2

Алай району – 3

Араван району – 5

Ноокат району – 2

Жалал-Абад облусу – 15

Чаткал району – 2

Аксы району – 2

Ноокен району – 2

Базар-Коргон району – 5

Сузак району – 4

Талас облусу – 12

Манас району – 4

Кара-Буура району – 8

Нарын облусу – 3

Нарын району – 2

Ат-Башы району – 1

Ысык-Көл облусу – 6

Жети-Өгүз району – 1

Ак-Суу району – 5

Чүй облусу – 8

Аламүдүн району‎ – 1

Панфилов району – 1

Кемин району‎ – 2

Ысык-Ата району – 4

Өнүктүрүү борборлору Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM