Биз менен байланышыңыз

Парламенттин жыйыны Түркиядагы курмандыктарды эскерүү менен башталды

Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 167 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-февралдагы жыйынын Түркия жана Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун элесин эскерип, бир мүнөт унчукпай туруу менен баштады.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ошол эле күнү түштө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө 5400 киши өлүп, 32 миңден көп киши жараат алды. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM