Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Женго» кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 564 | 0

Ошто опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып, кримтөбөл Кадырбек Досоновдун «Женго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты.

Кармалгандар Ош облусунун тургунуна күч көрсөтүп, коркутуу жолу менен акча талап кылышканы маалымдалды. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча иш козгогон.

Ош шаардык сотунун чечими менен кармалгандар Атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо, бардык фактылар боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM