Биз менен байланышыңыз

Сокулукта социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 142 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сокулук районундагы социалдык-эмгек реабилитациялык борборунун ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы калктын социалдык жактан аяр катмарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү, атап айтканда, жөлөк пулдардын жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн жогорулатылышы тууралуу айтып берди.

«Бул максатта мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумма 15,8 млрд сомду түздү. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтер да 50% төмөндөтүлүп, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздоо алат. Бул багыттагы иштер улантылат. Эң негизгиси, алардын коомдо толук кандуу жашоосуна шарт түзүү», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, борбор 3 кабаттан турат, анда студенттер жана окуучулар үчүн окуу кабинеттери, тигүү жана жыгач устачылык цехи, майыптардын арабасын оңдоочу устакана бар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн 16 батир каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM