Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 23 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузду

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 193 | 0

Кыргызстандын аймагында 28-январдан 3-февралга чейинки аралыкта 23 миң 353 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам бузгандардын 197синде тиешелүү документ жок болсо, 233 адамдын мас болуп унаа айдап жүргөнү аныкталган.

Андан тышкары унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 53, жөө адамдардын эреже бузуулары боюнча 430, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 8 миң 50, ээнбаштык боюнча 6, катуу ылдамдыкта айдоо боюнча 2 миң 861, башка эреже бузуулар боюнча 11 миң 523 факты катталган.

Ошондой эле 953 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн айып короосуна токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM