Connect with us

Эми Мальдив аралдарында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө болот

Кыска кабар | 4 Фев 2023 | 331 | 0

Кыргызстандыктар Мальдив аралдарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет мамлекеттер үчүн, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарынын алкагында визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы биометрикалык паспорттордун болушу болуп саналат. Кыргызстанда электрондук паспорттор 2021-жылы гана киргизилген. Буга байланыштуу бул багыттагы иштер жигердүү кайра жанданды.

Бул этапта, чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди киргизүүнүн алкагында негизинен дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча гана кызматташууда.

2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан, Мальдив (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча өкмөттөр аралык төрт макулдашууга кол коюлган.

Аны менен катар Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды. Алар Мальдив аралдарына жалпы паспорт менен кирип, келишим күчүнө киргенден кийин бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM