Connect with us

Бишкектин Л.Толстой көчөсүндө өсүмдүк майынын литри 105 сомдон сатылууда

Кыска кабар | 4 Фев 2023 | 175 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында өсүмдүк майынын бир литрин 105 сомдон, ал эми 5 литрин 525 сомдон сатып алууга болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган база Л.Толстой көчөсү, №234 дарегинде жайгашкан, байланыш номери: 0558 90 06 66.

«Анда Орусияда өндүрүлгөн өсүмдүк майы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилеген баада сатылууда», — деп түшүндүрүштү муниципалитет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM