Биз менен байланышыңыз

Былтыр адамды жүзүнөн тааныган камера аркылуу 3,5 миң кылмыш аныкталды

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 185 | 0

Өткөн жылы адамды жүзүнөн тааныган видеокамералардын жардамы менен 3 миң 431 кылмыш жана жоруктун бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Мекеменин маалыматына ылайык, ар бир факты боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынган. Камералардын аркасында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын оперативдүү башкаруу борбору тарабынан өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM