Биз менен байланышыңыз

Былтыр «Унаа» мекемесинен бюджетке 1,4 млрд сом түштү

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 354 | 0

Өткөн жылы Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнөн бюджетке 1,4 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, «Унаа» мекемесинин аймактык бөлүмдөрү транспортту жана айдоочулук курамды каттоо боюнча калкты тейлөөнүн жаңы пункттары, башкача айтканда Автоматташтырылган калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Мындай борборлор Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Бишкек шаарында ишке киргизилген.

Ошентип, жыл ичинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердигинен мамлекеттик бюджеттин кирешесине бардыгы болуп 1 млрд 473 млн 695,5 миң сом түшкөн.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарын каттоо жаатында адамдарды бетинен тааныган face-id (фейс айд) модулу иштелип чыкан, ал сатуучу менен сатып алуучунун ким экендигин таанууга мүмкүнчүлүк берип, транспорт каражатынын каттоодон өткөндүгүн далилдейт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM