Биз менен байланышыңыз

Баткенде курулушу бүткөн 35 үй колдонууга берилди

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 262 | 0

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бүгүн дагы 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ошондой эле ал бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болорун билдирди.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек тапшырган.

Белгилей кетсек, 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.

Эске салсак, өткөн жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM