Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жарандар турак жай сатып алууда сак болушу керек

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 228 | 0

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертет.

Каржы пирамидасынын негизги белгилери — кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын 12 айына карата алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн.

Алар: «Ак үй КЖ», «Жилье Гарант» , «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «С-Лайн», «Биринчи турак-жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК коператив», «Нью миленниум», «Эл биримдиги».

2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталып, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган.

Ал эми жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн 726 миң 29 сомду түзөт. Учурда 108 млн 855 миң 713 сом өндүрүлдү.

Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди.

Ушуга байланыштуу министрлик жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM