Биз менен байланышыңыз

Январда Салык кызматынын кирешеси 17 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 168 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь айында 17 млрд 854,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 883,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 13 млрд 204,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2,9 млрд сомго көп.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 млрд 649,5 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 689,5 млн сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,3 млрд сомго көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM