Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 294 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы расмий түрдө Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган палата 80ден ашык өлкө менен активдүү кызматташат. Муну менен катар чакан, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнөн турган 1180 ишкер субъектилери мүчө болуп кирген.

«Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирүү ишкананын имиджин чыңдоого, экономикалык иштин натыйжасын жогорулатууга, ишкананын экономикалык коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, ички жана эл аралык рыноктордо ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул башка мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты күчөтөт. Бул өз кезегинде жүк ташуу көлөмүн жана каржылык агымды көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM