Биз менен байланышыңыз

Калкты тейлөө борборлоруна кошумча байкоо камералары орнотулууда

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 225 | 0

Калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө үчүн, ошондой эле ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында кошумча байкоо камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, камералар министрликтин дарегине келип түшкөн даттанууларды эске алуунун негизинде орнотулууда.

«Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунун имаратынын аралыгы боюнча жана операторлордун иш орундарына 56 байкоо камерасы орнотулду. Ош облусу боюнча жалпы жонунан 108 байкоо камерасы орнотулат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ноокат жана Араван райондорундагы Калкты тейлөө борборлоруна 31 даана жаңы байкоо камерасы орнотулду. Андан тышкары Ош облусундагы Кара-Суу шаарында жайгашкан КТБ-1ге 10 жана Өзгөн шаарындагы КТБ-2ге 6 даана кошумча байкоо камерасы орнотулду. Жалпысынан 52 даана камера орнотуу пландалган.

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы КТБдагы 24 аналогдук байкоо камерасы санариптик камерага алмаштырылды, муну менен бирге Сузак районундагы (8 даана) жана Базар-Коргон районундагы (8 даана), ошондой эле Токтогул шаарындагы (6 даана) Калкты тейлөө борборлоруна да байкоо камералары орнотулду. Жалпы эсеп менен 46 байкоо камерасы орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM