Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга «Ми-8» тик учагы жана 40 өрт өчүрүүчү техника келет

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 174 | 0

Кыргызстанга алдыда Орусиядан гуманитардык жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү техника жана «Ми-8» тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде кабарлады.

Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

«Жакында Орусиядан 20 млн долларга жакын суммага 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир «Ми-8″ тик учагы жардам иретинде келет. Андан кийин техника менен толук камсыз кылуу тууралуу айтсак болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM