Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйында билдирди. Негизги ченди сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берип, экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Жыйындын жүрүшүндө учурда Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн доллар бар экени айтылды. Ошондой эле Карабаева буга чейин накталай долларга кандай себептерден улам таңкыстык жаралганын түшүндүрдү.
Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган. Банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мындай чечим өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берип, экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкө экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган. Бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирди.
«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын январь айында (20-январга карата) баалардын деңгээли 1,2 пайызга жогорулаган. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Ошондой эле бир катар администрациялык баалардын (тарифтердин) наркын жогорулатуу тууралуу айтылган алдын ала кулактандыруулар инфляцияны шарттаган ички тобокелдиктердин кошумча булагы болушу мүмкүн».
Муну менен катар Карабаева бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн доллар барын, анын 40%ы накталай экенин айтты.
Ошондой эле ал буга чейинки доллардын тартыштыгын төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
«Мындан мурда накталай доллардын жетишсиздиги байкалган, бул негизги соода өнөктөштөргө санкция салууга байланыштуу. 2022-жылдын жаз айына чейин коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн камсыздоо каналдары үзгүлтүккө учурады. Коммерциялык банктарга жеткирүүнүн жаңы каналдарын түзүү үчүн бир аз убакыт талап кылынды. 13-январдан тарта Министрлер кабинети резиденттер үчүн 10 миң доллардан , ал эми резидент эместер үчүн 5 миң доллардан ашык акчаны өлкөдөн тышкары алып чыгууга тыюу салган токтом кабыл алды. Эгерде резидент белгиленген чектен ашкан сумманы алып кетүүнү кааласа, 10% алым төлөшү керек».
Улуттук банктын маалыматына караганда, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги тышкы экономикалык факторлордон көз каранды. Мындай жагдайларда инфляцияны шарттаган тобокелдиктер сакталат.
Акча-кредит саясаты жаатында мурда кабыл алынган чаралардан топтолгон тажрыйба инфляциянын потенциалдуу тобокелдиктерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Акча-кредит саясатынын мындан кийинки багыты жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун жана тобокелдиктердин өлкөнүн экономикалык процесстерине тийгизген таасирлерин эске алуу менен түптөлөт.
Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү.
Карабаева Улуттук банк акча табуу максатында валюталык интервенция жасабай турганын белгиледи.
«Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү. Кирешенин так саны тышкы аудиторлор тарабынан тастыкталгандан кийин билинет. 2022-жылы валюта рыногунда 486 млн доллар сатты. Ошол эле учурда доллар сатып алуу боюнча да интервенция жасалды. Анда сунуш суроо-талаптан ашып кеткендиктен 190 млн доллар сатып алды. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн жүргүзүлөт».
Бүгүнкү күндө Улуттук банк валюта рыногуна мониторинг жасап, коммерциялык банкттардын, банктык эмес уюмдардын, акча алмаштыруу жайларынын ишине көзөмөл жүргүзүп жатат.
Эгерде сиз чет элдик валютаны сатуудан баш тартып жатканына же валюталарды таблодон айырмаланган курс боюнча сатуу фактысына туш болсоңуз, анда Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын 0312 61 04 86 жана WhatsApp каналы 0551 89 00 00 номери аркылуу билдирсеңиз болот. Факты тастыкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.