Биз менен байланышыңыз

Франциянын 2024-жылы боло турган жайкы Олимпиадага даярдыгы

Блог | 31 Янв 2023 | 469 | 0

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына бир жарым жылдай убакыт калды. Дүйнө эли, спортчулары бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканы белгилүү. Олимпиада оюндарына даярдык кандай? Бул жолку Олимпиада эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Кандай кыйынчылыктар бар?Төмөнкү макаладан кенен тааныша аласыз.

Франциянын борбору Париж шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарын 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейинки аралыкта өткөрүү мерчемделүүдө.

Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтөрү 2020-жылдын сентябрында эле белгилүү болгон. Бүт дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы эмес, 2021-жылы Токидо өткөн Олимпиаданын жабылыш аземинде Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) жетекчиси Томас Бах желекти Париждин мэри Анн Идальгого тапшырган.

Жалпысынан Франция Олимпиада оюндарын алтынчы ирет өткөрүп жатат. 1900-1924-жылдары жайкы Олимпиада, 1924-жылы Шамониде, 1968-жылы Греноблде, 1992-жылы Альбертвиллде кышкы Олимпиада уюштурулган.

Белгилүү болгондой,  Париждеги спорттук мелдештер 36 имаратта болот. Алардын 26сы мурдатан иштеп жаткан комплекстер. Мунун айрымдары кайрадан оңдолот. Мелдештин алдында 8 спорттук комплекс убактылуу даярдалат. Ал эми Олимпиадага чейин эки комплекс салынат.

Уюштуруучулар жайкы Олимпиада оюндарынын көп жылдык салтын бузуп, ачылыш стадиондун сыртында өтөрүн, ал тарыхтагы эң укмуш ачылыш боло турганын жарыялашты. Бул салтанатка 600 миң көрүүчү келери болжолдонууда.

Мелдешке келген чет элдик өкүлдөр Сена суусунан кайыктар менен алты километр аралыкта чыгыштан батышка карай параддан өтүшөт.

Олимпиадага ар кайсы өлкөлөрдөн 10 миңден ашык спортчу келери күтүлүүдө. Көрүүчүлөр аземди көпүрөлөрдөн жана жээктерден көрө алышат. Парадды бойлото чоң экрандар да орнотулат.

Эйфель мунарасынын жаныдагы «Champ de Mars» стадионунда пляж волейболу боюнча мелдештер өткөрүлөт. Велосипед жарышы Елисей талаасында, ал эми триатлон жана ачык сууда сүзүү Сена дарыясында өтөт. Спорттун башка түрлөрү боюнча да мелдештер Франциянын заманбап спорт ареналарында жана комплекстеринде өткөрүлөт.

Олимпиада жана паралимпиадалык оюндардын уюштуруучулары мелдештин расмий тумары катары байыркы фригиялыктар менен якобиндик революционерлер кийген фригия баш кийимин тандап алышты.

Олимпиаданын негизги тумары катары тандалган калпактарга ак спорттук кроссовкалар, ал эми Паралимпиадалык оюндардын бири протез буту менен көрсөтүлгөн. Уюштуруучулардын айтымында, кызыл фригия калпагы Франциянын эркиндигин билдирет. Ал эми олимпиада оюндарына урааны катары «Оюндар баарына ачык» деген сөз тандалып алынган.

Кемчиликтер да жок эмес…

Дүйнөнүн бардык спортчулары оюнду күтүп жатышат, ал эми бул аралыкта мелдештин уюштуруучулары үчүн тоскоолдуктар да жок эмес.

Француз AFP маалымат агенттиги башкы көйгөй каражаттын жетишсиздиги экенин иликтеп чыкты. COVID-19 пандемиясынан улам бюджет 400 миллион еврого кыскарган. Каатчылык мезгилде оюндарды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен ири каражат сарптоону карапайым француз эли жактырабы?

Тышкы булак да ойдогудай болбой жатат. Билет сатуу декабрда гана башталат, ал эми кээ бир ири демөөрчүлөр кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюша элек.

Мындан тышкары Парижде 10 миллионго жакын күйөрмандын келиши күтүлөт. Алардын шаарды айланып өтүшү да кыйын болушу мүмкүн.

Париждин борборун олимпиадалык жайлар менен байланыштырууга тийиш болгон эки метро линиясы курулушту өз убагында бүтүрүүгө үлгүрбөй жатат. «Франспресс» агенттигинин маалыматына караганда, уюштуруучулар бул маселени көзөмөлгө алган.

Көпчүлүктү түйшөлткөн дагы бир маселе: Олимпиада оюндарына келген коноктордун коопсуздугу. Себеби буга чейин Чемпиондор Лигасынын 2021/2022 сезонунун финалдык беттеши аяктагандан кийин Парижде «Ливерпуль» жана «Реал Мадрид» футбол клубдарынын күйөрмандары мушташып, алар тартипке чакырган француз полициясы менен да кагылыша кеткен. Мындай чоң иш-чарада бул нерсе кайталанбасына эч ким кепилдик бере албайт.

Сценарий боюнча ачылыш аземде 160 өкүл Сенаны бойлой кайыктарда сүзүп өтүшү керек жана аны жээктен түз эфирде 600 миң адам көрө алат. Француз маалымат каражаттары иш-чара учурунда болуп кетүү ыктымалы бар террордук чабуул коркунучун олуттуу талкуулап жатышат.

Париж шаарынын мэри Анн Идальго Олимпиадага даярдык көрүү үчүн азырынча 6,6 млрд евро пландалганын белгиледи.

Ал эми Спорттук оюндарды уюштуруу комитети билет сатуудан түшкөн киреше 1 миллиард евродон бир аз ашык болорун эсептеп чыккан. Билеттин орточо баасы 117 доллар болушу күтүлүүдө.

100 жылдан кийин кайрадан жайкы олимпиада оюндарын өткөрүп жаткан Приж шаарындагы мелдешти спорт күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшөт.

Ал эми 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын 30 жолдомо алары болжолдонуп жатканын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирген.

Анын айтымында, 2023-жыл Олимпиадага лицензия берүүчү жыл болгондуктан окуу-машыгуу жыйындарына олуттуу көңүл бурулат.

«Ири мелдешке спорттун 11 түрүнөн 30 жолдомо алуу болжолдонуп, анын үчөө параспортко туура келет. Учурда спорттун фехтование, жаа атуу сыяктуу багыттары өлкөдө жакшы өнүгүп, спортчулар кубантып жатышат. Спортко бөлүнгөн каражат буга чейинки жылдарга салыштырмалуу көбөйүп, эми жогорку көрсөткүчтөргө жетебиз деп турабыз», — деди Шабданбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM