Биз менен байланышыңыз

Чубак Шаршенов: Шашма, сабырсыз адамдар бизнестин түйүнүн чече алышпайт

Блог | 31 Янв 2023 | 604 | 0

Биз азыр ааламдашуу, жаңылануу, жаңы техниканын доорунда жашап жатабыз. Дал ушул замандын талабына жараша элдин баары эле «Кантип акча тапсам, кантип байысам болот?» деген ой менен дегеле үйдө олтуруп оңой акча табуунун жолун издеп калышты.

Бүгүн сиздер күткөн суроолорго жооп иретинде Кыргызстанда жаңы гана тамыр жайып келаткан Amazon окуу курсу, кадимки онлайн базар тууралуу кеп кылмакчыбыз. Ал үчүн биз Amazon  боюнча бизнес-тренер, жаш ишкер Чубак Шаршеновду маектешүүгө чакырдык. 

— Саламатсызбы? Социалдык тармактан көрүп калдым, кечээ эң акыркы топту окутуптурсуз. Билишимче, толук эки ай окутат экенсиз. Бул кыска аралыкта жыйынтык көрсөткөн окуучулар болдубу?

— Саламатчылык! Ооба, болду. Төртүнчү топтон эки айда миң долларга чейин 30-40% таза киреше табышты. Бул деле жаман эмес, акырындан жакшы көрсөткүчтөргө жетип жатышат. «Курсту аяктаса эле дароо акча таап, бизнесмен болот» деген кепилдик жок, ал ар бир адамдын өзүнүн аракетинен көз каранды.

— Канча адамга Amazon менен тааныштырууга жетиштиңиз?

— Бир жылдын ичинде төрт топту окуттук. Ар биринде элүүдөй адам билим алды. Жалпысынан, эки жүздөй адам бизнес курсун аяктады.

— «Amazonго окуйм» дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз? Курсту тандоодо эмнеге көбүрөөк маани берүү заарыл?

— Эң башкысы, курстун сапатына көңүл буруу маанилүү. Аудиториясы кеңби же тарбы, ошону да эске алуу керек. Дагы бир маанилүүсү, сөзсүз тренердин өзүнүн тажрыйбасы болушу шарт.

— Байкашымча, сиздин курсуңуздун өзгөчөлүгү кыргыз тилинде гана окутулганында экен. Бул кыйынчылык жараткан жокпу?

— Албетте, башында кыйынчылыктар болду. Анткени Amazon боюнча курсту биринчилерден болуп кыргыз тилинде мен ачтым. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, акырындан курсту окутуунун ыгын таап, сапатына көңүл буруп, изденүү менен жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатабыз.

— Amazon боюнча курска келип окуу үчүн кандайдыр бир документ же дагы башка талаптар болушу керекпи?

— Алгач ар бир адамдын дээринде каалоосу болушу керек. Мисалы, кээ бирөөлөр ноутбугу же баштапкы каражаты жок, бирок ушунчалык чоң бир каалоо менен, жакшы ой-максат менен келишет. Же тескерисинче, ноутбугу, акчасы бар болуп, каалоосу жок жөн эле келип кеткендер да жок эмес. Жадагалса, мектеп окуучулары, тагыраагы, 18 жашка чыгалек жаш балдар иштеп, акча табуу максатында келген учурлар да кездешет. Алардын жашы жетпегендиктен, ата-энесинин же башка чоң кишилердин атынан аккаунт ачса болот.

Эң негизгиси, өздүк документ (паспорт), ноутбук жана баштапкы каражаты болушу шарт. Анан жогоруда айтылгандай, өз каалоосу менен келиши керек.

— Бул чөйрөдө окуу же иштөө үчүн адамдык сапат, кандайдыр бир жөндөм роль ойнойбу?

— Ооба, сөзсүз түрдө. Биринчиден, адамгерчиликтүү, экинчиден, сабырдуу, токтоо болушу керек. Анткени сабырсыз, шашма адамдар бат эле жыйынтык көрүүнү самап, короткон акчасын аз убакытта табууну көздөшөт. Мындай адамдар бизнестин түйүнүн чече алышпайт. Андыктан, бизнеске же акчага олуттуу караганды үйрөнүп, ар кандай кырдаалга өзүн даярдоо менен башына келүүчү сыноолорго туруштук бере турганчалык чыдамдуу, күчтүү болушу керек.

— Amazonдо кандай стратегиялар бар жана кайсыл булагы аркылуу иш баштаса болот?

— Бул жөнөкөй эле жумуш, оорчулугу деле жок. Мисалы, Кытайдан, Түркиядан же башка жактан  товар сатып алуунун кажети деле жок. Биз болгону даяр товарларга ортомчулук кылып, өзүбүздөгү товарды сатуу менен иштейбиз. Мына ошол стратегияны «флиппинг» деп коет. Биз бир гана ошол стратегиялык булакты колдонобуз. Курсту да «флиппинг» стратегиясынын негизинде окутабыз.

— Курс ачуу идеясы кайдан келди? Эмне түрткү болду?

— Биринчиден, өзүм окуп жүргөндө кыргызча окуткан бизнес курстун жоктугу себеп болду. Экинчиден, кызыгып үйрөнүп, жакшы жыйынтыкка жетип, колго урунарлык акча таап баштаганда туугандарым, досторум тарабынан сунуштар түшө баштады. «Бизди да окут, үйрөт» деп көп суранышты. Ошондон улам курс ачуу идеясы жаралды.

— Бизнес чөйрөгө жаңыдан кадам таштап, талпынып келаткандарга кандай китептерди сунуштайт элеңиз?

— Азыркы учурда бизнес жөнүндө толгон-токой китептер чыгып жатат. Ар ким табитине жараша тандап окуса болот. Андан сырткары интернет булактарында аябай көп маалыматтар камтылган, ал эле эмес, Ютуб каналдан да белгилүү бизнес-тренерлердин видеолорун карап көрсө болот.  Анын баарын каалаган учурда ачып окуп, видеосабактарды көрүү мүмкүнчүлүгү ар бирибизде бар.

Даярдагандар: Аида Омурзакова

Садырбек Саматов

Маектин толук вариантын бул жерден көрүңүз:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM