Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз имараттар алынууда

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 271 | 0

Бишкектин Ч. Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз имараттар алынууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгачкы этапта Ч. Айтматов проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жалпы аянты 42 чарчы метр жеңил күркө жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM