Connect with us

Жапаров: Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрүн ачуу керек

Кыска кабар | 29 Янв 2023 | 190 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мекеменин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы ошондой эле, 2023-жылга карата милдеттери талкууланды.

Жапаров өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча аталган министрлик эң жогорку рейтингге ээ болгонун белгиледи.

Ал бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду, өндүрүшчүлөрдү өлкөнүн аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ошондой эле, төрага чет өлкөлөрдө мамлекетибиздин кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тынымсыз издөө зарылдыгын белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM