Connect with us

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты башталды

Кыска кабар | 29 Янв 2023 | 201 | 0

Кечээ, 28-январда Бишкектеги «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинен билдиришти.

Чемпионаттын биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында 48, 57 жана 70 кг салмак категорияларында, эркектер арасында 60, 73, 90 жана 100 кг жогоркулар арасында беттештер өттү.

Ачылыш аземдин алкагында федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаевге «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Кубанычбек Айбек уулу, Чыңгызхан Сагыналиев, Шахида Нармухамедова, Эрлан Шеров, федерациянын өкүлдөрү Урмат Маткеримов жана Улан Кутманбаев ардак грамота менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-январда кыз-келиндер арасында 52, 63, 78, жана 78 кг жогоркулар арасында, эркектер арасында 66, 81 жана 100 кг жогоркулар арасында беттештер өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM