Биз менен байланышыңыз

Казакстанда мугалим менен дарыгерди сөккөндөр айып пул төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2023 | 455 | 0

Казакстанда мугалимдер менен дарыгерлерди сөккөндөр айып пул төлөйт. Бул тууралуу юстиция министри Алма Муканова билдиргенин бир катар казак басылмалары жазды.

Маалым болгондой, Казакстандын Юстиция министрлиги Административдик укук бузуулар кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, мугалим менен дарыгерди сөккөндөр 34 миң 500 тенге (6 миң 555 сом) айып төлөйт. Ал эми үй-бүлөсүнүн көзүнчө сөгүнгөндөргө биринчи жолкусунда эскертүү берилип, экинчи жолкудан тарта 17 миң 250 тенгеден (3 миң 325 сом) айып салынат.

Айта кетсек, буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги коомдук жайда сөгүнгөндөргө 69 миң тенге (13 миң 110 сом) айып салынарын, акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор бир айга камаларын эскерткен.

Бул кодекстер ушул жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM