Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Кыргызстандан көмүр сатып ала баштайт

Кыска кабар | 28 Янв 2023 | 230 | 0

Кечээ, 27-январда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин энергетика министрлери Таалабек Ибраев менен Журабек Мирзамахмудов энергетика тармагын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү боюнча макулдашууга жана меморандумга кол коюшту.

Документ негизинен төмөндөгү төрт багытты камтыйт:

  1. Эки мамлекеттин ортосунда газ, нефть тармагы боюнча кызматташуу;
  2. Көмүр кендерин биргелешип иштетүү, тактап айтканда, Өзбекстан Кыргызстанды техника менен камсыздап, көмүрдүн сапатын текшерген лаборатория ачууга көмөктөшөт, ал эми Кыргызстан Өзбекстанга көмүр экспорттойт;
  3. «Чаткал» ГЭС каскадын ишке ашырууну биргелешип изилдөө, долбоор жүзөгө ашса, 1800 мВт кубаттуулуктагы эки ГЭС курулат;
  4. Кыргызстандагы «Дастан» заводу Өзбекстандагы «Тошэлектроаппарат» заводунун жардамы менен электр техникалык жабдууларын чыгара баштайт.

Булардан тышкары «Камбар-Ата-1» ГЭСин, андан башка да бир катар чакан ГЭСтерди биргелешип куруу, жашыл энергетканы өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM