Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч маршруттук каттамдын жүрүү багыты өзгөрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Янв 2023 | 883 | 0

Бишкек шаарында үч маршруттук каттамдын жүрүү багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Чечим Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмү шаардагы каттамдарды караган жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, эми №18 автобус Сокулук районунун Исмаил айылынан чыгып, Кызыл-Туу, Күн-Туу айылдарын аралап өтүп, Жаш Гвардия булвары менен М. Рыскулов көчөсүнүн кесилишине жетип токтойт. Буга чейин бул автобус Аламүдүн районунун Маевка айылына чейин каттап турган.

Андан тышкары «Дордой Бис» ЖЧКсына таандык №233 маршруттук каттам Кара-Жыгач конушунун Исакеев көчөсүнө чейин, №234 маршруттук каттам Чүй облустук ооруканасына чейин узартылды.

Айта кетсек, №233 каттам «Дордой» базары — «Аламүдүн» базары багытында, №234 каттам «Дордой» базары — «Мадина» базары багытында жүрүп турган.

Коомдук транспорт боюнча кошумча маалыматты 0 (502) 205 202 WhatsApp номеринен алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM