Биз менен байланышыңыз

Түркмөн президенти Сердар Бердымухамедовго армиянын генералы чини ыйгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 519 | 0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго армиянын генералы чини ыйгарылды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик «Алтын доор» басылмасы маалымдады.

Түркмөн президентине мындай аскердик наам Башмыйзамдын 81-беренесине ылайык берилген. Наам берүү маселесин түркмөн парламенти караган.

Жакында эле Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө улуттун лидери деп жарыяланган. Мындай өзгөчө статусту берүү документине анын уулу, учурдагы президент Сердар Бердымухамедов кол койгон. Ал эми өткөн жылы Сердар Бердымухамедов апасы Огулгорек Бердымухамедовага «Түркмөнстандын эң мыкты килемчиси» деген наам ыйгарган.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматтан өткөн жылы кеткен. Анын ордуна уулу Сердар Бердымухамедов мөөнөтүнөн мурда жарыяланган президенттик шайлоодо жеңүүчү болгон.

Сердар Бердымухамедов президент катары алгачкы иш-чарага катышты (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM