Биз менен байланышыңыз

Сердар Бердымухамедов президент катары алгачкы иш-чарага катышты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 453 | 0

Түркмөнстанда көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери башталып, ага президент да келди. Бул Сердар Бердымухамедовдун мамлекет башчысы катары өткөргөн биринчи иш-чарасы болду.

Президент катышкан улуттук жашылдандыруу өнөктүгү Беркарар аймагында өтүп, анда Сердар Бердымухамедовду парламенттин төрагалары, депутаттары, өкмөт башчы жана министрлер, дагы башка көптөгөн адамдар тосуп алышкан.

Эске салсак, 12-мартта Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Сердар Бердымухаммедов 72,97% менен жеңип чыккан.

Ошондой эле жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 19-мартта Түркмөнстандын борборундагы Рухыет сарайында өткөн.

Англис тилинде эркин сүйлөйт. Сердар Бердымухамедовдун биографиясы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM