Connect with us

Ошто жер семирткич өндүрүү боюнча ишкана ачылары айтылды

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 304 | 0

Ош облусунда жер семирткичти өндүрүү боюнча кыргыз-өзбек ишканасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда айтылды.

«Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү жана эт азыктарын экспорттоо боюнча келишимдер ишке аша баштады. Алардын жалпы суммасы 120 млн долларды түзөт. Компаниялар көп жылдар бою туруктуу кызматташып келет. Бүгүнкү күндө жер семирткичтерди өндүрүү жана жүгөрү экспорттоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Ал Ош шаарында жайгашат», — деди инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов.

Ал ошондой эле Чүй облусунда Ravon үлгүсүндөгү унаасын чогултуучу жайды түзүү боюнча чоң долбоорго кол коюуга даярдык жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Документке «УзАвтоСаноат» жана ата мекендик «ДТ Техник» жана «НУР» компаниялары кол коюшат. Бул долбоор боюнча алгачкы меморандумга 2017-жылы кол коюлган. Ошол жылдан бери бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, талаштуу маселелер чечилди», — деди ал.

Баясов белгилегендей, бүгүнкү күндө көйгөйлөрдүн көбү жоюлуп, долбоор толук ишке ашыруу стадиясында турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM