Connect with us

Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны өсүүдө

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 299 | 0

Өткөн жылы майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны 13,4%га өскөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеңешменин алкагында билдирди.

«Дагы 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран акы төлөнүүчү убактылуу коомдук жумуштарга орношкон. Бир жылдын ичинде биз 15 миңден ашуун жумушсуз жана жакыр жарандарды коомдук жумуштарга тарттык. 10 миңден ашуун адам ар кандай курстарда кесиптик даярдыктан өтүштү, бул аларга жумуш табууга мүмкүндүк берди», — деди ал.

Белгиленгендей, ишке орноштуруу жана жумуштуулук боюнча ар кандай активдүү чаралардын натыйжасында республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,1%га төмөндөп, 2,9%ды түздү.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,5%га, ал эми катталган жумушсуздардын саны 1,7%га азайганы байкалат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM